1. Жек көргөндө, тилдегенде же башка учурларда «оңбогур», «түгөнгүр», «кудай алгыр» маанисинде колдонулат. Жыргап жаткан жеримден, Жылас чүрөк козгойсуң («Семетей»). Жыландары жыластын, Бүктөп турган аркандай («Сейтек»). Жылас алгыр пулемёт, Ок жаадырып турганы (Токомбаев). Арт жагында жыйырмасы, Ашкере баатыр, жыласы («Манас»). Бири миңге татыган, Тегиз көк жал жыласы («Манас»). 2. Жок болуп, жоюлуп, куруп бараткан абал, оор, катаал, мүшкүлдүү кыйынчылык. Сиз замандын жылас кезинде жаралдыңыз (Тоголок Молдо). Жыргалыңдан жыласым, Найза салым көп экен («Сейтек»).
Орду-түбү менен жок болуу, жоюлуу, жоголуу. Эшенди колго түшүрүштү. Акмат мерген жылас болду (Мияшев). Жылас болду тамдар урап жыгылып (Үмөталиев). Жылкың менен жылас бол, менде аянар ал калган жок, колуңарга өлөм! - деп, союл шилтейт (Өгөбаев).
Орду-түбү менен жок болуу, жоюлуу, жоголуу. Жылас болду тамдар урап жыгылып (Үмөталиев). Калың эл бул кыргындан чыгар бекен, Болбосо жылас болуп тынар бекен (Токомбаев). Эшенди колго түшүрүштү. Акмат мерген жылас болду (Мияшев). Жылкың менен жылас бол, менде аянар ал калган жок, колуңарга өлөм! – деп, союл шилтейт (Өгөбаев).
Жок кылуу, жер менен жексен кылуу, таш-талканын чыгаруу, тып-тыйпыл кылуу. - Жылкычыңды сенин! Жылас кылып барыңды! (Өгөбаев). Атамдын кунун аламын, Өз атамды баш кылып, Жылас кылып таштады («Семетей»).
Жок кылуу, жер менен жексен кылуу, таш-талканын чыгаруу, тыптыйпыл кылуу. – Жылкычыңды сенин! Жылас кылып барыңды! (Өгөбаев). Атамдын кунун аламын, Өз атамды баш кылып, Жылас кылып таштады («Семетей»). Жылкы тийген эрлерди, Жылас кылып салгыла («Эр Табылды»). Дөөгүрсүгөн дөөлөрүн, Жылас кылып, таштады («Семетей»). В.: Жыласын чыгаруу. Чыгарса ошол чыгарат Курманбектин жыласын («Курманбек»). Бирок, турмуш жыргайм дегендин жыласын чыгарып келген (Ашымбаев). Чыгарса ошол чыгарат Курманбектин жыласын («Курманбек»).